• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Нооруз күнү жоголгон төрт бала табылды

Аймак 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. Баткен облусунда Нооруз майрамын белгилөө күнү жоголгон төрт бала табылды,-деп билдирет жергиликтүү облус ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, атайын издөө ишинин алкагында алар Кадамжай районунун Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарынан 2018-жылдын 23-мартында табылган. Балдар учурда жакындарына өткөрүлдү.

“Балдардын айтуусуна караганда, алар Бишкекке барабыз деп жол тартышкан. Халмион айылына келгенде курулушу бүтпөй калган ээн үйдө түнөшкөн”,-деп айтылат маалыматта.

Табылган жаш өспүрүмдөрдүн саламаттыгы жакшы.

“Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана соцадис кызматкерлери тарабынан ата-энелери жана жакын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,-деп билдиришти ИИБден.

Эске сала кетсек, 21-мартта Батен облусунда төрт бала жоголгондугу тууралуу маалымдалган.

Алар Баткен шаарында жашаган 17 жаштагы Адилет Полотов жана 12 жаштагы Азизбек Мамытов, үйдөн саат 9:00дө чыгышкан. Туугандарына Нооруз майрамы белгиленип жаткан шаардын борбордук стадионун барабыз деп айтышкан.

Ушул эле күнү 16 жаштагы Кубат уулу Бекболот жана 11 жаштагы Илимбек Ташбаев да дайынсыз жоголушкан. Алар Баткен облусунун Бужум айылынын тургундары.

Пикир

Оставить комментарий