• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы чек арада жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Баткен районунун Көк-Терек жана Таш-Тумшук айылдарындагы балдарды 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Абдирашит Ташбалтаев ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин куттуктоосун жана белектерин жеткирип, балдарга сак саламаттык, кең келечек каалады.

Жалпы 21 үй-бүлөгө окуу китептери менен шириндиктер, оюнчуктар салынган баштыктар тапшырылды. Ал эми Баткен районун акими ар бир үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, чек арада орун алган куралдуу жаңжалда, аталган айылдарда турак жайсыз калган жарандар, учурда убактылуу мобилдүү үйлөрдө, чатырларда жашоодо.

Пикир

Оставить комментарий