• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: Облустагы 11 миң 710 муктаж үй-бүлөгө ун таратылды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун таратылып бүтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүнгөн.

Анын 104,4 тоннасы Лейлек районуна, 218,05 тоннасы Баткен районуна, 12,8 тоннасы Сүлүктү шаарына, 30 тоннасы Баткен шаарына, 20,85 тоннасы Кызыл-Кыя шаарына таратылып бүтүп, бүгүн 199,4 тоннасы Кадамжай районунда таратылууда.

Материалдык резервден келген ун облустагы 11 миң 710 муктаж үй-бүлөгө таратылып, аны район-шаарларда түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алды.

Мамлекет тарабынан акысыз таркатылып жаткан бул жардам, коронавирус оорусуна байланыштуу, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал убагында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн азык түлүккө болгон муктаждыгын жеңилдетүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий