• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Мехринса Айжигитова каза болду

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Баткен облусунун билим берүү тармагы жана Баткен эли үчүн оор жоготуу болду.

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Мехринса Айжигитова 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал өз өмүрүн билим берүү тармагына арнап, бул тармакта 1977-жылдан тартып эмгек жолун баштап, 40 жылдан ашык эмгектенди. Ал билим тажрыйбасын билим берүүнүн сапатын жогорулатууга арнаган татыктуу мугалим, кесипкөй адис, мыкты устат, калк арасында кадыр-барктуу инсан эле. Өзүнүн талыкпаган эмгеги менен Баткен облусунун гана эмес, дегеле Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына зор салымын кошо алды. Кызматтык милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарды. Кичи пейил мамилеси, жасаган эмгеги элибиздин эсинде калат.

Айжигитова Мехринса Абдирашитовнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терээң кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев, өкүлдүн биринчи орун басары М. Тулаев, өкүлдүн орун басары Ж Исаков, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси А Ураимов жана жалпы аппараттын кызматкерлери.

Пикир

Оставить комментарий