• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: Облустук өкүлчүлүктүн кызматкерлери бир күндүк маянасын жабыркагандарга которот

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каражат Баткен облусунда орун алган окуяга байланыштуу ачылган эсепке которулуп, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

Белгилей кетсек, облустук өкүлчүлүк жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачкан.

р/с 4409021103005073

БИК 440001

Борбордук Казына

ИНН 01312199910086

Төлөмдүн коду 14411100

БИК: 440902 которуу жолу МКП же ВКП аркылуу

Финка Элсом. 0772001616.Сейитказыев Алтынбек.

Пикир

Оставить комментарий