• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облустук ККБда кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) коррупцияга каршы кызматы тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен облустук Мамэкотехинспекциясынын (МЭТИ) аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталды.

УКМКдан кабарлашкандай, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясынын жана Баткен районундагы 3-орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштерин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий