• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облустук милиция башчысынын орун басарын өлтүрүп, ооруканага таштап кетишкен

Кырсык 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Баткен облустук милиция башчысынын орун басары киши колдуу болуп көз жумду.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-мартта саат 11:17лер чамасында Баткен ОИИБнын нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине Баткен облустук биргелешкен ооруканасында көкүрөгүнөн жараат алган 1974-жылы туулган М.А. каза болгондугу боюнча маалымат келип түшөт.

Баткен ОИИБнын ыкчам тергөө кызматы Баткен ОИИБнын башчысы Мурат Боронов менен биргеликте аталган жерге барган. Жеринде Баткен ОИИБнын башчысынын орун басары М.Анын жансыз денесин белгисиз жарандар Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа менен алып келип, жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендиги аныкталган.

Бул факты Баткен ШИИБне КР Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы Н.С. аттуу тургуну, маркум М.Анын жээни аны учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Баткен ОИИБнын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий