• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облустук соту биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төраганын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Асанова, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Баткен облустук соттун судьялары жана жергиликтүү соттордун төрагалары катышышты.

Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгына арналган кеңешме Баткен облустук сотунда өткөрүлдү.

Кеңешменин ишине облустук соттун судьялары, шаардык жана райондук соттордун төрагалары жана судьялары катышты.

Кеңешмени Баткен облустук сотунун төрайымы Гүлмира Кожобекова ачып, күн тартибиндеги карала турган маселелерди белгиледи.

Алгач, Баткен облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Мамасаит Пазыловдун, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Арзыбай Абдураимовдун жана административдик иштер боюнча төраганын орун басары Абдимиталип Абылакимовтун баяндамалары угулуп, айрым кемчиликтер боюнча жүргүзүлгөн анализдер да ортого салынды.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, облустун аймагындагы соттор тарабынан 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында бардыгы болуп 2 189 иш каралган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жазык иштерин кароодо апелляциялык инстанцияда бузулган иштердин саны өскөн. Ал эми жарандык жана экономикалык иштерди кароодо иштин сапаты өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогорулаган.

Ал эми Баткен облусунун административдик сотуна 115 административдик иш түшкөн, анын ичинен 34 иш чечим чыгаруу менен каралган.

Кеңешменин соңунда облустук соттун төрайымы Гүлмира Кожобекова күн тартибинде турган өзөктүү маселелер менен бирге эле, медиаторлор менен карым- катнашта иш алып барууну, документацияларды тактоо, АИС системасында иш алып барууга өзгөчө көңүл бурууну жана сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдардын талаптарын сактоону эскертип, кесиптештерин мыйзамдын чегинде адилеттүү иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий