• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусу менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 12-апрелде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Абдикарим Алимбаев аталган уюмга көп жылдардан бери Баткен облусуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда Баткен облусу менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуу талкууланды.

Облус башчысы алгач Баткен облусунун аймагынын чек ара аймактарындагы абал жана жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча маалымат берди. Өз кезегинде ЕККУнун атайын өкүлү Александр Рогов Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, ЕККУ Кыргызстанда 1998-жылдан баштап, ал эми Баткен облусунда 2011-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Аталган уюм Баткен облусунун аймагында иштеп баштагандан бери облустун ар тараптуу өнүгүсүнө жана коопсуздук боюнча шарттарды түзүүгө, техникалык-гранттык жана теориялык-практикалык көптөгөн колдоолорду көрсөтүп келишет.

Тактап айтканда;

1. Баткен облсунун жарандарына кичи жана орто ишкердик боюнча консультациялык,теориялик жана потенциалын жогорулатуу, техникалык колдоо көрсөтүү багытында иш алып барып келет.

2. Укук коргоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө жана техникалык базасын чыңдоо багытында жардам көрсөтүп келет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык агенттиги менен биргеликте жергиликтүү тургундарга чыр чатактардын алдын алуу боюнча теориялык окууларды үйрөтүп келет.

4. СOVID-19 илдети күч алган учурда мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте ооруган жарандарга жардамдарды көрсөткөн.

Жогорудагы багыттарда иш алып барып 318 миң 282 евро өлчөмүндө салымын кошкон.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына 39 миң 235 евро, чакан-орто бизнести колдоо максатында ишкер аялдарга 15 миң евро, СЕСке 7 миң 89 евро, колдонуучу каражаттарга 5 миң 382 евро жана Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратына 2 миң 350 евро өлчөмүндө техникалык базасын чыңдоого жардам беришти.

Пикир

Оставить комментарий