• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусу менен Франциянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен жолугушту.

Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 10-июнда Баткен шаарында өткөн.

Жолугушууда экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Сүйлөшүү учурунда элчи Баткен облусу менен экономикалык байланыштарды калыптандыруу жана күчөтүү багытында кызматташуу зарылдыгын белгилеп, шаардын бизнес чөйрөсүнүн азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарына кызыккан.

Облуста өндүрүрүлгөн продукцияларды экспорттоо, Франциядан инвестиция тартуу маселелерине көнүл бурулду. Аймакта өнөр жай, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл экендиги айтылды.

Элчи Ру Баткен облусунун жаратылышы кооз экенин, ошондой эле облусту экономикалык багытта өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүк жогору экендигин баса белгилеген.

Жолугушуунун соңунда облус башчысы жана элчи конкреттүү багыттар боюнча дагы да макулдашуулар жана кызматташуунун конкреттүү объектилерин тандап алуунун зарылдыгын, ушундай сүйлөшүүлөр мындан ары да улантыларын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий