• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусу өз ара кызматташуу боюнча протоколго кол койду

Аймак 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Вадил шаарында өткөн жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов баштаган, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков , Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Асанов, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

“Баткенден барган делегаттар Өзбекстандык кесиптештери менен эки облустун жарандарынын коопсуздугу, эки мамлекеттин аймагында жүрүү шарттары, эки тараптуу кызматташуу, соода сатык жүргүзүүдөгү эрежелер боюнча алакаларды мындан ары да жакшыртуу багытында иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Эки тарап экономикалык, саясий, маданий жаатта кызматташууну өркүндөтүү, чек аралаш аймактардагы келишпестиктердин алдын алуу, өткөрмө бекеттерден өтүү эрежелерин жеңилдетүү жана эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашылган протоколго кол коюшкан.

Аталган жолугушуу Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын Фергана, Андижан, Наманган облустарынын акимдеринин кеңешинин иш чарасынын алкагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий