• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусуна азык-түлүк жардамын жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Баткен облусу кечээ, 29-апрелде Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун элине күрүч, алма, картошка азыктарын жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан Covid-19 оорусунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бири-биринин иш-аракеттерин колдоого алган.

Бул багытта окмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, Фергана облусу Баткен облусуна буга чейин кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттар жана ун азыктарын жиберген.

Баткен облусунун жетекчилиги, облустун элинин атынан, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле өзбек эли дагы бир жолу кылым карыткан жакын кошуналык, достук мамилебиз бекем экенин айгинеледи деп белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий