• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусу: Жыл башынан бери 48 жаңы ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Баткен облусунда жыл башынан бери 48 жаңы ишкана ачылып, алардын 23ү өнөр жай тармагындагы ишкана. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 43 объект ачылып, анын 10у гана өнөр жай ишканасы болгон.

"Баткен облусунда бир гана айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармагына эле эмес, өнөр жай тармагына да көңүл бурула баштады. Биздин облуста Менделеевдин жадыбалындагы элементтердин дээрлик бардыгы бар. Тоо-кен тармагы боюнча 450дөн ашык лицензия берилген. Сүлүктүнүн көмүрү экспортко кетүүдө", - деди Мадумаров.

Облус жетекчиси, айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Баткен облусунда айыл чарба азыктары көп өндүрүлүп, анын көбү Кадамжай районуна туура келет. Экспортко кеткен айыл чарба азыктарынын 70%ы Кадамжай районунан алынат. Аны менен бирге, биз 5 миң тоннадан ашык күрүч өстүрөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий