• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусун өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-18-февралындагы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, финансы министри Алмаз Бакетаевдин Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймак башчылары, шаардык,айылдык кеңештин төрагалары ошондой эле бир катар мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев тарабынан аткарылган иш-аракеттер, кабыл алынган чечимдер туурасында жана 2022-жылга аткарыла турган жумуштар боюнча айтылды. Андан соң президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланып курулушу бүтбөй калган обьектер, 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен курууга сунушталуучу долбоору даяр обьектилер боюнча маалымат берди. Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына Баткен облусунун аймагында өзгөчө режимдерди түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле экономика жана финансы министрине жыйындын катышуучулары тарабынан Баткен облусунун өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесин кеңейтүү жана жол маселелери, айлык маяна ошондой эле облустун аймагындагы курулушу бүтбөй калган социалдык обьектерди, приоритеттүү долбоорлорду каржылап берүү сунушу айтылды. Аны менен бирге, Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги күтүлгөн жыйынтыктары жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасы да сунушталды.

Жумушчу сапардын алкагында аталган министрлер Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун айыл аймактарындагы объектилерге барып, жеринен таанышышат.

Пикир

Оставить комментарий