• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусун өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешинин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 01.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-апрелинде Баткен шаарында Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин администрациясынын кызматкери, мамлекеттик органдардын жетекчилери, анын ичинде КР жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, банктардын өкүлдөрү, Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, Баткен облусунун шаарларынын мэрлери, Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен Баткен облусун өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, анда 2022-жылга Баткен облусун өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан 500 млн сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча сунушталган иш-чаралар планынын долбоору талкууланды.

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен, Лейлек райондорунун иш-чараларын кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуяны, чек ара тилкесинде байма-бай чыр-чатактын чыгуусун, райондордун социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен жана Кадамжай районунун, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган долбоорлорун каржылоону колдоо боюнча чечим кабыл алынды.

Жыйындын чечими менен так, ачык-айкын критерийлердин негизинде 2022-жылдын 11-майынан кечиктирбестен эң орчундуу, көйгөйлүү, жумуш орундарын түзүүчү, киреше алып келүүчү иш-чаралар пландарын даярдоо район, шаарлардын жетекчилери милдеттендирилди.

Ошонлой эле, Баткен облусунун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасына райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, шаарлардын мэрлери тарабынан сунушталган долбоорлорунун көпчүлүгү кирбей калгандыгын, ошол эле учурда аталган сунуш долбоорлор приоритетүү багыт болгондугун эске алуу менен Жол картанын иш-чаралар планына толуктоолорду киргизүү маселеси министрлер кабинетине сунуштоо дагы чемими кабыл алынды.

Ал эми, 2023-жылга сунушталуучу иш-чаралар планынын долбоорун кароо 2022-жылдын октябрына пландалдаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий