• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында 290 млн сом насыя берилди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. 10 айда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында Баткен облусунда 395 ишкерге 290,08 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, жеңилдетилген насыя айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине жана КР Улуттук банкынын талаптарына ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто ишкердик субъектерине берилет.

"Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Насыя алууну каалагандар Баткен облусунда жайгашкан "Айыл Банк", "РСК Банк" жана "Керемет Банктардын" филиалдарына кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоору облусту өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий