• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтү тарабынан облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентратору берилди.

Бул аппараттар облустун район шаарларына муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Буга чейин облуста 42 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 134 кычкылтек концентратору бар болгон.

Мындан сырткары, күн сайын коомчулук тарабынан кычкылтек концентраторун алып берген жарандардын катары көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий