• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусуна 8 кычкылтек концентратору тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу астында Баткен облусуна 8 кычкылтек концентратору жана 8 пульсоксиметр тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү Абсалам Абдирайимов жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров концентраторлорду облустун район шаарларынын жетекчилерине тапшырды.

Буга чейин облуста 102 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты, 732 даана кычкылтек концентратор аппараты болгон.

Пикир

Оставить комментарий