• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусуна дээрлик 2 миң тонна гуманитардык жардам келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Баткен облусунун чек аралаш аймагындагы орун алган акыркы окуяларга байланыштуу, Баткен облусуна азык түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим кече, курулуш материалдары сыяктуу гуманитардык жардамдар Кыргызстандын бардык аймактарынан, дүйнө коомчулугунан келип жатат.

Бүгүн 18-майга карата КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, туура бөлүштүрүү жана даректүү жеткирүү боюнча түзүлгөн комиссиясы 1 миң 919, 61 тонна гуманитардык жардамдарды кабыл алып, анын 1 миң 712, 309 тоннасын жарандарга таркатты.

Учурда кампада дагы 207, 301тонна гуманитардык жардамдын кору бар.

Пикир

Оставить комментарий