• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусуна өзгөчө макам жыл аягына чейин берилет – Бахавидинов

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Баткен облусуна 2021-жылдын аягына чейин өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө макам облустук администрациянын ыйгарым укуктарын берет жана кеңейтет, ошондой эле президенттин облустагы өкүлүнө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамын берет.

«Мындан тышкары, облуста өзгөчө инвестициялык жана салыктык режим киргизилет. Ошондой эле облустун социалдык-экономикалык абалын жашыртуу боюнча кеңеш түзүлөт. Бул орган аймакты өнүктүрүү программасын бекитет. Аталган мыйзам долбоордун алкагында Батен облусуна жылына өлкөнүн бюджетинен 500 млн сом бөлүнөт. Азыр Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү, ал жакын арада министрлер кабинетине аймакты өнүктүрүү боюнча программасын берет»,-деди ал.

Ошондой эле ал кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда өрттөнгөн 140 үй мамлекет тарабынан калыбына келтирилип жатканын белгиледи.

«Жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган 76 ишкерге 15 млн сом көлөмүндө жардам көрсөтүлдү. Бийлик тарабынан аларга жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Мындан тышкары, аймакта жабыркаган социалдык объектилер, анын ичинде 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 саламаттык сактоо уюму калыбына келтирилүүдө. Баткен шаарында жакындарынан айрылгандарга 36 үй курулууда, жакында үйлөр колдонууга берилет»,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий