• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда 1-майдан тартып 1,5 миңге жакын чарбалык субьект ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда 1-майдан тартып 1,5 миңге жакын чарбалык субьект ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирустун экономикалык абалга тийгизген таасиринин алдын алуу максатында облустук штабдын кезектеги отуруму өткөн. Анда 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунун чечиминдеги сунуштардын негизинде Баткен облусунун аймагында 2020-жылдын 1-майынан тартып төмөнкү тармактардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилди.

Алар: өнөр жайы жана өндүрүш тармагы — 95, курулуш тармагы — 41, транспортторду кароо, ремонттоо — 246, жеке жана мамлекеттик нотариус — 21, соода тармагы — 460 (зарылчылыкка жараша, белгиленген тизме менен), чач-тарач кызмат көрсөтүү салондору — 105, транспорттук кызматтар — 531. Жалпы 1499 чарбалык субьект иштеп баштаган.

Белгилей кетсек, аталган тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилген. Ошондой эле облустук өкүлчүлүк жарандарды санитардык жана гигиеналык талаптарды сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий