• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда 130 этникалык кыргыздардын үй-бүлөсүнө жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда 130 этникалык кыргыздардын үй-бүлөсүнө жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун резервдик фондунан, Баткен облусунда жашаган, тарыхий мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын 130 үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.

Ар бир үй-бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы берилди.

Облустагы этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү кошуна Өзбекстан менен Тажикстандан көчүп келгендер.

Пикир

Оставить комментарий