• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 24 адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 24 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы О. Пазылов 2020-жылдын жыйынтыгын берип жатып билдирди, - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2021-жылга тапшырмаларды коюу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өткөрүлдү.

2019-жылда 124 окуу-машыгуулар өткөрүлсө, 2020-жылы эпидемияга байланыштуу 10 окуу-машыгуу өткөрүлгөн.

КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун курстарынан окуудан өткөндөрдүн категориялары боюнча 2019-жылы 95 кызматкер, ал эми 2020-жылы онлайн аркылуу 123 кызматкер окуудан өткөрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча 2019-жылы 15 өзгөчө кырдаалдар катталып, болжолдуу материалдык чыгым 22 млн 943 миң 109 сом, ал эми 2020-жылы 7 өзгөчө кырдаалдар катталып болжолдуу материалдык чыгым 75 млн 589 миң 400 сомду түзгөн.

Куткаруу иштери боюнча 2019-жылы 125 куткаруу иши болсо, ал эми 2020-жылы 95 куткаруу иши аткарылган.

Өзгөчө кырдаалдардан жана кырсыктардан 2019-жылы 32 адам, ал эми 2020-жылы 24 адам каза болгон.

2020-жыл ичинде облус аймагында жалпы 175 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымы 24 млн 686 миң 461 сомду түздү. 2019-жылга салыштырмалуу өрттүн саны 7,4%га аз, ал эми чыгымдар 29,4 % га көп. (2019-жылы – 189 өрт, материалдык чыгым 19 млн 71 миң 851 сомду түзгөн).

“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине ылайык, 79 объектинин ичинен 72 объектиде жумуштар бүткөрүлдү.

Капиталдык курулуш багыты боюнча 2020-жыл ичинде 3 объектиде иш-чара каралып, толугу менен бүткөрүлдү.

Жалпы облус боюнча кооптуу участкада жашаган 241 үй-бүлөдөн 43 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү, 198 үй-бүлөгө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жыйынтыгында облустун Жарандык коргонуу жаатында аткарган жумушу “канааттандыраарлык” деп табылып, 2021-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эпидемиянын алдын алуу жумуштарын күчөтүү тапшырмалары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий