• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. 2021-жыл ичиндеги Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктыгы боюнча коллегиялык кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коллегиялык кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев. президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана район акимдери, шаар мэрлери, ошондой эле мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын башында Азиз Аалиев Баткен облусуна берилген өзгөчө макам жана анда каралган жеңилдиктер тууралуу маалымат берди.

Жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешменин жүрүшүндө негизинен:

Баткен облусунун 2021-жыл ичинде экономикалык, социалдык тармактарынын өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, ошондой эле 2022-жылга негизги милдеттери жана башка маселелер каралды.

Андан соң облустун район-шаарларынын аким, мэрлери тарабынан өз аймактарындагы иш аракеттер жана ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Ал эми Баткен облусунун 2021-жылдын ичиндеги экономикалык өнүгүүсү боюнча:

2020-жыл ичинде өнөр жайынын көлөмү 3074,60 млн сом болсо, 2021-жылда 3931,9 млн сомду түзүп же болбосо 204,0% га аткарылды, айыл чарбасы 2020-жыл ичинде 17 290,70 млн сом болсо, 2021-жылда 21820,8 млн сомго, же өсүү темпи 93,3%, рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2020-жыл ичинде 17 772,10 млн сомду түзсө, ал эми 2021-жылда 19 962,4 млн сом же өткөн жылга салыштырмалуу 93,8 пайызга, анын ичинен дүң жана чекене соода, калкка кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпи 2020-жылда 2348,90 млн сом болсо, 2021-жылда 2709,7 млн сом же 108,3 % пайызды түздү.

Салык топтоонун планы 106,3%, ал эми эмгек акынын көлөмү 2020-жыл ичинде 13368,80 болсо 2021-жылда 14380,6 сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,6%га өскөн, минималдык керектөөчү бюджет 2020-жылы 5372,40 сомду түзсө, 2021-жылда 6343,6 сомду түздү.

Ал эми инфляциянын деңгээли облустун аймагында 111,3% пайызды түздү.

Мындан сырткары, облус башчысы район акимдерине турак жай багытындагы трансформацияланган жерлерди калкты турак жай менен камсыздоодо иш аракеттер солгун жүргүзүлүп жаткандыгы айтылып, ыкчам түрдө район аймагындагы тургундарды турак жай менен камсыз кылууну тапшырды.

Аны менен бирге, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев ар бир облустук, райондук жана шаардык мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине кызматтык тарипти так сактап, өз аймактарында калк арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө биргеликте иш жүргүзүп, элдин көйгөйүн жеринде чечүүнү баса белгилеп өттү.

Ал эми жыл жыйынтыгын чыгарган кенешменин жыйынтыгы менен өз кызматтык милдеттерин жана коюлган тапшырмаларды так аткарбагандыгы үчүн 3 айыл аймактын башчыларынын кызматка дал келүүсүн кароо чечими чыгарылды.

Ошондой эле жетишилген ийгиликтер жана кемчилдиктер боюнча маселелер да каралып, жыйынтыгында Баткен облусунун социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2021-жылы ийгиликтерди жараткан ар тармактын кызматкерлери КР президентинин жана облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин ардак грамоталары менен сыйланды.

Аны менен бирге 2021-жылдын жыйынтыгы менен аймакты өнүктүрүүдөгү алдыңкы көрсөткүчтөрдү камсыз кылгандыгы үчүн жылдын мыктылары аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий