• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда 2022-жылы 60 жаңы ишкана ачылып, 287 жумуш орду түзүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында кичи жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү максатында жеке ишкерлер тарабынан 60 жаңы ишкана ачылып, 287 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу облустун 2022-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктыгы боюнча коллегиялык кеңешмеде айтылды.

2022-жылы облус боюнча 4 млрд 546 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 149 млн сомго көп. Салык топтоонун планы облус боюнча 103 пайызга аткарылып, 1 млрд 548 млн сомдук төлөмдөр жыйналып, 2021-жылга салыштырмалуу 377 млн сомго көп топтолду.

Ошондой эле 2022-жылы билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында 11 мектеп, 5 балдар бакчасы курулуп, ишке берилген.

Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгы чыгарылган кеңешмеге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өкүлдүн орун басарлары жана район акимдери, шаар мэрлери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий