• 84.79
  • 100.79
  • 1.1

Баткен облусунда 25 миңге жакын адам медициналык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда 25 миңге жакын адам медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус аймагында үймө-үй кыдыруу, оорулууларды аныктоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жумуштары жүрүүдө.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору 25-августка карата жалпы 10044 турак үйдө, көп кабаттуу үйлөрдүн 70 батиринде жашаган жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү.

Натыйжада 24982 адам медициналык кароодон өтүп, 374 адамда ар кандай оорулардын белгилери аныкталып, медициналык жардамдар жана кеңештер берилген.

Пикир

Оставить комментарий