• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда 27 фильтрациялык пост күнү-түнү иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда 27 фильтрациялык пост орнотулуп, күнү-түнү иштөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун район-шаарларында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Ар биринде жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн экиден кызматкер иш алып барууда.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жарандардын каттамын чектөө жана илдетти алдын алуу боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштерин алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий