• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунда 28-декабрдан тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында жаңы жылдык майрамга карата Баткен облусундагы ички иштер орган кызматкерлерине гарнизондук кароо болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гарнизондук кароого ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, ИИМдин жаңы жылдык майрамдарга карата коюлган тапшырмаларын жеткирди.

"Кызматкерлерди келе жаткан жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында техникаларды тапшырды. Баткен ОИИБсынын начальниги Мурат Боронов менен биргеликте кызматкерлердин кийген кышкы кийимдеринин абалын текшерип, майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоодо коомдук тартипти көзөмөлдөөдө ИИОнун кызматкерлери 28-декабрдан баштап жогорулатылган күжүрмөн даярдыкта кызмат өтөөсү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаардык, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары Баткен ОИИБнын бөлүм башчыларына жыйналыш өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду.

Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти көзөмөлдөөдө негизинен профилактикалык иштерге басым жасап, жаш өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруу, жаш муундарды тарбиялоо өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, “Милиция кызматкерлери күн сайын жаңыланып, жаңы туура кадам менен өлкөгө зор салым кошуш керек” деп айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий