• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда 29 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда 29 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун кооптуу илдет чыккан Баткен району, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жана Кадамжай райондорунда коронавирус жуккандар менен байланышта болуп, үй карантинине алынган жарандарды мобилдүү топтор медициналык кароодон өткөрүүдө.

Дарыгерлер жарандарга үй карантининин эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, медициналык кароодон өткөрүп, анализ алышууда.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Баткен облусу боюнча жалпы 29 мобилдүү бригада иш алып барууда

Пикир

Оставить комментарий