• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда 38 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11-июль күнү Баткен облусунун аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жана Кадамжай районунда залалсызандыруу иш чараларын жүргүзүлүп, шаар, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 3 өрт өчүрүүчү атоунаалары жана 10 өрт өчүрүүчү куткаруучулар менен иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө базарларда, дүкөндөрдүн айланасындагы жолдордо, көчөлөрдө, эл көп чогулган жайларда жалпы 38 000 погондук метр аянт жолго 67 литр хлор сууга аралаштырылып чачылды.

Пикир

Оставить комментарий