• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда 4 ири суу чарба объекттеринин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Баткен облусунда 4 ири суу чарба объекттеринин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, узундугу 7,3 чакырым болгон Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы Молдо-Нияз каналынын жалпы сметалык баасы 280 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 224 млн сомдук курулуш иштери аткарылды. Учурда 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери аткарылууда. Аталган сугат каналынын курулушу аяктаса 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы «Кара-Кыштак Боз» каналынын сметалык баасы 401 млн сом. Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 чакырым ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө.

Бул сугат каналынын курулушу менен, 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырат. Каналдын узундугуу 14,5 чакырым.

Ошондой эле Баткен районунундагы «Р-4» каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушунун жалпы сметалык баасы 500 млн сом. Бүгүнкү күндө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 347,0 млн сомду түздү. Каналдын жалпы узундугу 46 чакырым болсо, анын 12,4 чакырым аралыктагы эски негизги бөлүгү толук бүткөрүлүп, жаңы каналдын 3950 м бетондоо иштери, жаңы ички чарбалык каналдын 24600 м курулушу бүткөрүлдү. Натыйжада каналдын курулушунун 1-этабы аяктады. Курулуштун аякташы менен 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Ал эми Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн Республикалык бюджеттен 100 млн сом акча каражаты каралып, азыркы күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайында курулуш жүрүп жатат. Долбоор аяктаса жалпысы 2500 гектар жер өздөштүрүлөт жана сугат суу берүү жакшырат. Эң негизгиси суу таңкыс болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет.

Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык обьектер болуп саналат. Бул программага облустан жалпы 8 ирригациялык курулмалар кирген. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулуштарына республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этап менен каражат ажыратылып, курулуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий