• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда 44 жасалма дем алдыруучу аппарат, 316 кычкылтек концентратору бар

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда 44 жасалма дем алдыруучу аппарат, 316 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

"Облуста 44 жасалма дем алдыруучу аппарат, 316 кычкылтек концентратору бар. Коронавирус оорусу күчөгөндөн бери коомдук уюмдар, демөөрчүлөр тарабынан медициналык каражаттар, жабдыктар берилүүдө. Бизге гуманитардык жардам катары 117 кычкылтек концентратору келди. Өткөн жумада өкмөт тарабынан 50 кычкылтек концентратору берилди. Эки күн мурда өкмөт тарабынан бир тез жардам унаасы берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий