• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда 587 ишкерге 484,63 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Финансы министрлиги 2023-жылдын 1-январына карата “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча маалымат берди.

Агаы ылайык, долбоордун алкагында Баткен облусунун 587 ишкердик субъектисине 484 млн 63 миң сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

"Насыя 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансы каражаттары тарабынан Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилген", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КР министрлер кабинетинин “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий