• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда 6 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк таратуу иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда 5999 үй-бүлөгө азык-түлүк таратуу иши башталды.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул үчүн коронавирус менен күрөшүү боюнча жалпы республикалык эсепке топтолгон каражаттан Баткен облусуна 4.799,2 сом бөлүнгөн.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, азык-түлүк баштыкчасы бүгүн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Пикир

Оставить комментарий