• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунда 76 миңден ашуун адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21 /Кабар/. Баткен облусунда 76 миңден ашуун адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, пандемиянын күз-кыш мезгилдерине божомолдонгон экинчи толкунун эске алуу менен эл арасында сасык тумоонун алдын алуу максатында жалпы өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп баштаган.

Баткен облусунда эмдөө жүргүзүү үчүн биринчи этапта 9 миң, экинчи этапта 10 миң, үчүнчү этапта 52 миң 414 адамга мамлекет тарабынан акысыз эмдөө жүрдү. Ал эми жакынкы күндөрү бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен дагы 5 миң адамга эмдөө жасалды.

Эмдөө ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, карылар жана балдар үйлөрүндөгү жарандарга жасалды.

Пикир

Оставить комментарий