• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда 800 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда 800 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Баткен облусунда аз камсыз болгон 800 үй-бүлөгө азык-түлүк иретинде жардам берди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, аталган фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, берилип жаткан жардамдар өз даректерие жеткирилээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий