• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда аймактык маалымат каражаттарын реформалоо кандай жүрүп жатат?

Аймак 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева Баткен облусундагы ММКлардын абалы менен жеринде таанышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сарногоева Баткен облустук телерадиокомпаниясынын базасында жаңыдан түптөлүп жаткан Баткен облустук медиа материалдык техникалык базасын көрүп, эмгек жамааты менен жолуккан. Жолугушууда ал министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын максатын жана натыйжасын кеңири айтып берип, жолугушуу суроо-жооп иретинде өткөн.

"Сарногоева Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлү менен биргеликте Баткен облустук мамлекеттик телекомпаниясынын курулуп жаткан имараты менен таанышып чыкты. 2017-жылдын декабрь айында башталган обьектин жалпы сметалык баасы 39,5 млн сомду түзөт. Азыркы тапта 25 млн сомго каржылоо жүргүзүлдү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш сапардын алкагында ал медиа борбордун юридикалык документтерин КР Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгында каттоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Бүгүнкү күндө бардык райондук, облустук гезиттер, облустук телекомпания тиешелүү юридикалык документтерин мыйзам талаптарына ылайык тапшырышкан. Учурда КРнын Маданият министрлигинин 2019-жылдагы №490 буйругуна ылайык облустук медиа борборду юридикалык каттоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий