• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Баткен облусунда азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш-тиричиликке зарыл болгон негизги азык-түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында Баткен облусунун район шаарларында айыл чарба жарманкелери уюштурулууда.

Мындай жарманке 27-февралда Кызыл-Кыя шаарында өтүп, анда дыйкан фермерлер, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканалар, өндүргөн продукцияларын, базар баасынан арзан баада элге тартуулашты.

Алдыда айыл чарба жарманкелери март айы ичинде, жума сайын жер жерлерде уюштурулат.

2021-жылдын 5-март күнү облустун борбору Баткен шаарында болот.

Пикир

Оставить комментарий