• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды

Маданият 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-22-ноябрь күндөрү КР Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Баткен облусунун гимнинин автору Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына карата, Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык өтүүдө.

Бул боюнча Эл артистинин ысмын алып жүргөн “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жамааты демилге көтөрүп, аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан.

Өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова бул боюнча “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековду кабыл алып, бул иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Чынара Саттарова өз сөзүндө таланттуу инсандын 60 жылдык мааракесине карата белгиленген иш чараларды, пандемияга байланыштуу өз деңгээлинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, пандемия шартында, болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, онлайн форматында иш-чараларды уюштурууну тапшырды.

Жумалыктын алкагында массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу Апаз Жайнаковдун чыгармаларын даңктоо, билим берүү мекемелеринде онлайн конференция, ондайн музыкалык иш-чараларды уюштуруу белгиленген.

Ошондой эле Кыргыз Эл артисти Апаз Жайнаковдун чыгармаларын аткарган белгилүү чыгармачыл инсандардын катышуусунда онлайн концерттик программа уюштуруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий