• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда “Арсенал” операциясы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында 9-11-декабрь күндөрү “Арсенал” операциясы өткөрүлүп, лицензиялык уруксат берүү системасынын каттоосунда турган аймактар, жардыргыч заттарды сактоочу кампалар текшерилип чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, операциянын жүрүшүнө облус аймагындагы керектүү милиция кызматкерлери катышып, жыйынтыгында Баткен шаарынан, Баткен районунан жана Кадамжай районунан болуп жалпысынан 4 сайсыз ок атуучу куралдар мыйзамсыз сакталгандыгы боюнча алынды.

Ошондой эле каттоодо турган мергенчилердин ок атуучу куралдарынын сактоо мөөнөтү жана кайра каттоо мөөнөттөрү текшерилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 84-беренесининин (атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) негизинде 48, 85-беренесинин (атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) негизинде 22 протокол түзүлүп, айрым жарандарга эскертүүлөр берилип, айыппулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий