• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда аткезчиликке бөгөт коюу аракеттери күчүндө

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда аткезчиликке бөгөт коюу аракеттери күчүндө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун аткезчиликке бөгөт коюу боюнча атайын буйругуна ылайык, Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке каршы аракеттер күчөтүлдү.

Мындан улам, бажы өткөрмө жайларынан мыйзамдуу түрдө жүк алып өтүү көбөйгөн. Натыйжада мамлекетке түшкөн бажы төлөмдөрү кескин түрдө өскөн.

Маселен, Лейлек районунда жайгашкан Кайрагач өткөрмө жайы аркылуу эле, былтыр 2019-жылдын ушул мезгилине айыл чарба продукцияларынан 15 миң сом бажы төлөмдөрү түшкөн болсо, 2020-жылдын ушул мезгилине 5 млн 200 миң сомго жакын бажы төлөмдөрү түшкөн.

Ал эми аткезчилик боюнча Баткен бажысы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан, 1-майга чейин 42 бажы эрежелерин бузуу фактысы катталып, кылмыш иши козголгон. Натыйжада 189 000 сом айыппул салынып, толугу менен өндүрүлгөн.

Бузуу иштери боюнча 639 252 сом бажылык төлөмдөр өндүрүлгөн.

14 факты боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 1 856 136 сом өндүрүлгөн.

2020-жылдын 1-майынан, 12-майына чейинки аралыкта 7 факты аныкталып, 31 000 сом айыппул салынып, өндүрүлүп, 99 484 сом бажылык төлөмдөр өндүрүлдү.

КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча бөлүмүндө 2020-жылы 14 факты аныкталып кылмыш иши козголгон. Жалпы келтирилген зыян 6 978 021 сом. Өндүрүлгөнү 1 870 399 сомду түзөт.

Ал эми аталган мекеменин Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча бөлүмүндө 2020-жылы 4 факты аныкталып кылмыш иши козголгон. 4 факты боюнча мамлекетке 44,1 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле 2020-жылдын май айынын башында 5 оор жүк ташуучу автоунаа кармалып, кылмыш иши козголгон.

Малекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан бери 11 факты катталган. Кармалган жүктөрдүн жалпы баасы 8 104 723 сомду түзгөн.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 1 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий