• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунда аткезчиликке каршы күрөш уланат

Аймак 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда аткезчиликке каршы күрөш уланат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 18-ноябрында аткезчилик жол менен кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга бөгөт коюу боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун буйругу чыгып, жумушчу топ түзүлүп, чек аралаш аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн.

Ага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш аракеттер боюнча кеңешме өтүп, тийиштүү органдардын маалыматын укту.

2020-жыл ичинде КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан, аткезчиликке байланышкан 20 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, мамлекеттин пайдасына 4 565 578 сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Ал эми Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 148 факты аныкталып, Бажы кызматы тарабынан козголгон сотко чейинки өндүрүш иштерден мамлекеттин пайдасына 5 750 680 сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшөн жарандарды аныктоо менен, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий