• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда азык-түлүк баалары туруктуу. Тартыштык жок

Аймак 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов облус активин чукул жыйынга чогултту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүл Алишер Абдрахманов кошуна өлкөлөрдө коронавирус оорусунун катталганына байланыштуу, облус активине шашылыш координациялык кеңешме өтүп, коронавирус оорусунун алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл өзгөчө кошуна Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймактагы чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу учур талабы экенин белгиледи. Ошондой эле өткөрмө бекеттерге кошумча дарыгерлерди тартуу, атайын медициналык жабдуулар менен камсыздоо, тез жардам унааларын уюштурууну тез арада кечиктирбей аткарууну талап кылды.

Аны менен катар фитосанитардык, ветеринардык, бажы, чек ара кызматтары өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн тартипте иштөөсү өзгөчө маанилүү деп белгиледи.

Жыйында Баткен облусу менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Жошук жана Кайтпас чек ара постторунун жабылганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, бир күн мурда ыйгарым укуктуу өкүлү облустун Өзбекстан менен чектеш аймактарында жайгашкан чек ара көзөмөл-өткөрүү пукттарынын абалын көрүп келген.

Өкүл Алишер Абдрахманов облус аймагында эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялоону активдештирүү, той аштарды, көпчүлүк катышкан иш чараларды токтотууну тапшырды.

Кеңешмеде жетекчилер менен кызматкерлердин алыскы жана жакынкы өлкөлөргө, өлкөнүн алыскы аймактарына иш сапарга чыгуусуна чектөө киргилизгени маалымдалды.

Ошондой эле базар бааларын такай көзөмөлгө алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу керектигин белгиленди.

Азыркы тапта Баткен облусунда ун жана башка азык-түлүк баалары туруктуу. Тартыштык жок.

Пикир

Оставить комментарий