• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Буга чейин Баткен облусунда коронавирус илдети менен ооруган жарандарга медициналык жарам көрсөтүү максатында күндүзгү стационар катары ачылган 133 имаратта 1613 орун даярдалган.

Бүгүн 28-август күнү облустагы күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Анткени акыркы бир жума ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилдерине болжолдонгон оорунун экинчи толкунунда муктаждык жаралса күндүзгү стационарлар ишин кайра жандандырат.

Пикир

Оставить комментарий