• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өтөт

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Баткен облусунда «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмесинде инвестициялар министринин м.а. Нурадил Баясов белгилегендей, иш-чарага бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылган жана бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, бул Баткен облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткан алгачкы иш-чара болуп саналат.

«Форумду жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Негизги максат - аймакка инвестиция тартуу жана Баткен облусунун ишкердик потенциалын кеңейтүү. Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын алкагында өтүүдө, ал жергиликтүү тургундардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Баткен облусун өнүктүрүү программасы аймак тургундарынын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатат. Райондорду жабдуу жана мектептерди куруу жетишсиз, аймактын тургундары каражат таап, өз үй-бүлөсүн багуусу үчүн мыкты шарттарды түзүү керек», - деп айтты Марипов.

Пикир

Оставить комментарий