• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда бажычылар мыйзамсыз тоок этин алып кирүү фактыларын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Баткен облусунда 2017-жылдын 16-17-февралында “Түштүк” бажысыны кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБ бажы аймагына мыйзамсыз тоок этин алып кирүү фактылары аныкталды деп билдирди КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 16-апрелде болжолу саат 08:30да Баткен облусунун Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан КР жараны А.Т.Г. айдаган “Мерседенс-Бенц” машинасы токтотулуп текшерилгенде, картон коробкаларга салынган 260 000 сомдук 2000 кг салмактагы тоок эти чыккан. Текшерүүдө товардын легалдуулугун аныктаган документтер болгон эмес.

Мындан тышкары, 17-февралда болжолу түнкү саат 02:00дө Кадамжай районунун Бүргөндү айлынын Баткен-Ош автожолунан КР жараны А.А.А айдаган “Хундай-Портер” машинасы токтотулуп текшерилгенде, андан да картон коробкаларга салынган 220 000 сомдук 2000 кг салмактагы тоок эти чыккан. Текшерүүдө бул товардын да легалдуулугун аныктаган документтери болгон эмес.

Эки факты боюнча материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий