• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда бир катар оор кылмышка шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Баткен облусунда оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында диний агымдардын бирине берилген адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Алардын лидери жана руханий насаатчысы “Абу Нур” деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран болуп саналат.

"Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип келишкен, анын ичинде үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдашкан. Шектүүлөр андан башка дагы кылмыштар боюнча шектелип тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул адамдардын тобу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө жана каршылык көрсөтүү менен байланышкан башка укукка каршы аракеттерди жасап жүрүшкөн.

Маалыматта белгиленгендей, бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери 3 шектүү жашаган жерге уруксат берилген тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Алардын экөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары аныкталган.

Мындан тышкары, тыюу салынган заттарды, тагыраак айтканда, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүрүшү мүмкүн деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата бөгөт коюу чараларын камакка алуу түрү тандалды. Учурда, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын жыйынтыгы менен процесстик чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий