• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда бир жума ичинде 18 мас айдоочу кармалган

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-февралынан 7-февралына чейинки аралыкта Бузуулар кодексинин негизинде 907 протокол түзүлүп, алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар - 198, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар - 24, мас абалында унаа башкарган айдоочулар - 18, айнегин караңгылаткандар (тоннировка) - 3, убактылуу короого токтотулган унаалар 38.

Акыркы жумада жолдо жүргөн айдоочулар катуу ылдамдыкта жол боюнда коюлган жол белгилерге маани бербей жол кырсыктарын жаратууда. Баткен шаары боюнча 1 жол кырсыгы катталып, 1 адам денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ал эми Кадамжай району боюнча бир жума ичинде 5 жол кырсыгы катталып, 8 жаран денелеринен ар кандай жараат алып аймактык ооруканага кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий