• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктаган облустук коллегиянын жыйыны пандемияга байланыштуу онлайн режимде өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Алишер Абдрахманов баштаган коллегия мүчөлөрү район, шаар активдери менен онлайн байланышта алты айдын жыйынтыгын талкуулашкан.

Коллегияда негизги үч маселе каралды. Алар облустун социалдык экономикалык абалы, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу, күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү.

Коллегия мүчөлөрү бул маселелер боюнча ар бир район шаардагы абал боюнча маалыматтарды угуп, жетекчилерге тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, алты айдын жыйынтыгы менен облуста жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2 миң 81ди түзгөн.

Түзүлгөн жумушчу орундарын тармактар боюнча алып караганда, айыл чарбасында 185 жумушчу орун, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен 331 жумушчу орун, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө 351 жумушчу орун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48 жумушчу орун, чет элдик каражаттар эсебинен 16, жеке ишкерлердин каражаттары эсебинен 365 жумушчу орундар түзүлдү.

Ал эми пандемиянын шартында жарым жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба тармагында планды былтыркы жылга салыштырмалуу көп аткарылды.

Быйылкы жылдын түшүмү үчүн жалпы дан эгиндеринин аянты 39 484 гектарды түздү.

Жалпы айдоо жер 2019-жылга салыштырмалуу 4 662 гектарга көп себилди.

Ал эми бүгүнкү күндө орун жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.

Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо үчүн жалпы 25 778 га аянт жыйноо керек болсо, өткөн жылга салыштырмалуу 1 115 га көп жыйналуусу күтүлүүдө.

Ал эми бүгүнкү күнгө 8 387 га кылкандууу дан эгиндери жыйналып, же 32,5% түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 637 га көп жыйналды.

Буудай 3 772 га жыйналды, арпа 4 615 га жыйналып, гектарына орточо 22 центнерден түшүм алынууда.

Картошка 829 га, жашылча 1078 га, мөмө-жемиш 6 525 га жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий