• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда былтыркы жылга салыштырмалуу күздүк эгин 2 миң гектарга көп себилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Баткен облусунда былтыркы жылга салыштырмалуу күздүк эгин 2 миң гектарга көп себилүүдө, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облуста 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 991 гектарга күздүк эгүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө 4 116 гектарга себилип, жумуш 60% аткарылды. Анын ичинен 3 977 гектарга буудай, 143 гектарга арпа себилди.

Пандемияга байланыштуу облуста азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айдоо жер аянтын көбөйтүү аракеттери көрүлүп, жалпы айдоо жер аянты 2019-жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга көбөйтүлдү.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, облуста айыл чарба техникалары, күйүүчү май жана үрөн жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий